Насыя 18 жашка жеткен адамдарга берилет.
Келишим түзүү үчүн паспорт жана күрөөгө коюлуучу буюмду ала келүү зарыл.
Күрөөкананын кызматкери кымбат баалуу металлдын чыныгы экендигин текшерет. Техниканын иштээрин, тийиштүү талаптарга туура келерин текшерет. Анан күрөөгө коюлуучу буюмду баалап, насыянын суммасын аныктайт.
Анан, насыянын суммасына кардар макул болсо, насыянын келишимин – күрөө белетин тариздейт.
“Рос Ломбарддан” насыя берүү шарты жана тартиби
Күрөө белети эки нуска түзүлөт. Ар бир нускасында күрөөкананын катар номуру жана мөөрү коюлат. Күрөө белетинин ар бир нускасына күрөөкананын өкүлдөрү жана насыя алуучу кол коюп тастыкташат.
Күрөө билети